Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кеңеши 13-сентябрда Армениянын демилгеси менен видеоконференция форматында кезексиз жыйынга чогулду. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышып, азери-армян чек арасындагы соңку кырдаал талкууланды.
“Садыр Жапаров ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи. Кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын билдирди”,- деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
ЖККУ уюмга мүчө мамлекеттердин бири тыштан куралдуу чабулга кабылса, аскердик жардам көрсөтө алат. Ушундай жүйө менен уюм быйыл жыл башында Казакстанга "бейпилдик миссиясын" жөнөткөн. Бул коопсуздук уюмуна Кыргызстан да мүчө.
Армения 13-сентябрга караган түнү Азербайжан менен чек арасындагы атышуудан бери дегенде 49 киши мерт болгонун билдирген.
Расмий Ереван азери аскерлери армяндардын позицияларын – Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасарда аткылаганын билдирген. Жарандык инфраструктурага да чабуул жасалганы кабарланган.
Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениядагы жарандык объектилер аткыланганы тууралуу маалыматты четке каккан. Расмий Баку Армениянын куралдуу күчтөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лачин багыттарында чагым жана диверсия кылганын кабарлап, андан 50 аскери мерт болгонун маалымдаган.
Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.