12-13-сентябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз Талас жана Чүй облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Дагы караңыз
Жапаров ханышанын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Британияга көңүл айтты Украинада орус армиясынын катарында согушкан өзбекстандыктар кармалганы кабарландыДепутат ИИМдин Орусиядагы өкүлүнүн отчетун талап кылдыКыргыз күрөш мектебине даңк алып келген Акжол Азербайжанда көз карандысыз журналист камакка алынды