Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрү айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскерлердин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров бул тууралуу 11-сентябрда Жалал-Абад облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлерди тапшырып жатып айтканын кабарлады.

Айлык качан жана канчага жогорулай турганы айтылган жок.

Президент чек арачыларды үй менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн билдирди. Ал 11-сентябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган. (TSh)

Дагы караңыз

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болдуМосквада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталдыШинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар басым күчөгөнүн айтуудаСуу ташкындан катуу жабыркаган Пакистанга жардам көрсөтүү уланууда