Аба ырайы: күн салкындайт

Бишкек.

12-сентябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көчпүлук аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз Талас жана Чүй облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна баратБритан ханышасы Елизавета II тажыясы 19-сентябрда өтөтӨзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөтУКМК Сирожиддин Мухтаровдун өлгөнү тууралуу маалымат такталып жатканын кабарлады