Орусияда жергиликтүү шайлоо өтүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

11-сентябрда Орусиянын аймактарында жергиликтүү шайлоо өтүп жатат. Калининграддан баштап Бурятияга чейинки он беш аймактын шайлоочулары жаңы губернаторлорун жана аймак башчыларын шайлашат. Ошондой эле алты облуста жергиликтүү депутаттар тандалат.

Москвада жергиликтүү 125 кеңештин депутаттарына добуш берүү 9-сентябрда эле башталган.

Украинага согуш ачкыча эле Кремль бир катар көз карандысыз оппозициялык маанайдагы партияларды, кыймылдарды куугунтуктап, оозун жабууга аракет кылып келген. Байкоочулардын баамында, азыркы шайлоодо деле бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» жана Кремлге ымала санаган ЛДПР, «Адилеттүү Орусия» жана Коммунисттик партиянын гана өкүлдөрү алдыга чыгары күтүлүүдө.

Камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орусиялыктарды шайлоого катышып, Путиндин режимине каршы добуш берүүгө чакырды.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө «Голос» кыймылы көз салууда. Анын буга чейин жарыялаган баяндамасына ылайык, бул жолку шайлоо мурдагылардан эч нерсеси менен айырмаланбайт: үгүт өнөктүгүндө административдик ресурс колдонулду, добуштарды сатып алуу катталды, оппозицияны уруп-сабап кеткен учурлар болду.

Дагы караңыз

Президент Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна баратБритан ханышасы Елизавета II тажыясы 19-сентябрда өтөтӨзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт