Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва облусу боюнча Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы башкармалыгынын ИК-5 Федералдык мамлекеттик мекемесинде жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктардан кабар алды.
Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Орусиянын Жазаларды-аткаруу тутумунун бул мекемесинде Кыргызстандын 11 жараны (аялдар) бар.
Маалыматта жолугушууда элчи Орусиянын аймагында соттолгон Кыргызстандын жарандарын жаза мөөнөтүн андан ары өтөө максатында мекенге кетирүүнүн тартиби жөнүндө маалымат берип, алардын суроолоруна жооп кайтарганы айтылат.
Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттар арасында ар кандай кылмыштарга кириптер болгондор көбөйгөнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 5-сентябрдагы жыйынында көтөрүлгөн.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурганын айткан. Камакка алынгандардын 30% маңзат кылмышы боюнча кармалгандар.
Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (КЕ)
Дагы караңыз
Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяландыОшто менчик бала бакчада сабалган бөбөк ооруканага түштүХарьков облусунун бийлиги Купянск шаары бошотулганын ырастады5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда жергиликтүү курултай өтөтОрусияда бир нече журналист "чет элдик тыңчы" деп таанылды