Жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалган бөбөк ооруканага түшкөнүн Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрдан бир жаштан өтүп калган бөбөк денесинен жараат алып Ош облустук балдар ооруканасына түшкөн. Окуяны милиция иликтей баштаган.
Күбө катары жабыркаган бөбөктүн апасы, бала бакчанын жетекчиси жана тарбиячы суралган.
Апасынын көрсөтмөсүнө ылайык, ал баласын "Карагат" жеке балдар бакчасына бергенине эки ай болгон. 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында бакчадан алып кетүү үчүн барганда, наристенин денесинде көгала тактарды көргөнүн айткан.
Милиция мындан тышкары бакчадан видеотасма алынганын жана ал жерде иштеген кызматкерлер күбө катары суралып жаткандыгын билдирди.
Азыркы учурда, балага карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, бардык тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Окуя боюнча жабыркаган тарап да, бала бакчанын жетекчилиги да комментарий берген жок.
9-сентябрда социалдык тармакта бала бакчада ур-токмокко кабылган бөбөктүн видеосу тараган. Тасмадан бөбөктү өзүнөн улуу кичинекей кыз уруп жатканын, тарбиячы аны байкабай басып жүргөнүн көрүүгө болот. (AAb)
Дагы караңыз
5-ноябрда Бишкек, Ош шаарларында, аймактарда жергиликтүү курултай өтөтОрусияда бир нече журналист "чет элдик тыңчы" деп таанылды11-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөтТүркия: прокурор Орхан Инандыны 22 жылга эркинен ажыратууну суранды 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайтКомуз күнүндө "Жаш талант - 2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды