11-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

2022-жылдын 11-сентябрында күндүз жана 12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымалдыгын билдирди. Буга байланыштуу абанын температурасы кескин төмөндөйт.

11-сентябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 16...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Дагы караңыз

1-октябрдан тартып пенсия жогорулайтКомуз күнүндө "Жаш талант - 2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыМоскванын муниципалдык депутаттары Путиндин отставкасын талап кылдыБританиянын падышасы Карл III элге биринчи кайрылуусун жасады