Британиянын падышасы Карл III элге биринчи кайрылуусун жасады

Улуу Британиянын падышасы Карл III

Улуу Британиянын падышасы Карл III элге биринчи кайрылуусун жасады. Анын сөзү бир нече саат мурда Букингем сарайындагы Көгүш конок бөлмөсүндө жазылган. Анын кайрылуусу дээрлик толугу менен анын апасы, ханыша Елизавета II арналган.

Ал Елизавета IIнин өмүрү британиялыктарга кызмат кылуу менен өткөнүн айтты. Анын кайраттуулугу менен өз милдеттерине берилгендиги адамдык жылуулугу, тамашакөйлүгү жана адамдардын ар дайым жакшы жактарын көрө билгендиги менен айкалышып турганын белгиледи.

Карл III анын апасы Британия Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттерин сезип, дүйнө жөнүндө эски көз карашы менен жашап жаткан учурда такка отурганын белгиледи. "Анын тушунда британ коому өзгөрүп, көптөгөн улуттардын жана диндердин өкүлдөрүн бириктирип турган. Бийликтин принциптери да өзгөрдү. Анткен менен, британ монархиясынын, англикан чиркөөсүнүн принциптери жана баалуулуктары, парламенттик башкаруунун негизин түзгөн салттар жана эркиндиктер туруктуу болууга тийиш жана туруктуу бойдон кала берет", - деген Британиянын падышасы.

Карл III бардык британиялыктарга кайрылып, өмүрүнүн аягына чейин “берилгендик, урматтоо жана сүйүү менен” конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо менен кызмат кылууга убада кылган.

"Менин жана үй-бүлөмдүн жашоосу албетет, өзгөрөт", - деген падыша мурдагыдай кайрымдуулук иштерине катыша албай турганын, бирок алар баштаган долбоорлор ишенимдүү колго өткөрүлүп берилерин белгилеген. Ошондой эле 17 жыл бирге түтүн булатып келаткан жубайы Камиллага ыраазычылыгын билдирип, ал ханыша-консорт милдетин татыктуу алып барарына убада берди.

Дагы караңыз

Британ ханышасы Елизавета II дүйнө салды


Уэльс ханзаада жана ханбийке титулун кийинки мураскер, анын улуу баласы Уильям менен анын аялы Кэтрин аларын белгилеген жана кичүү уулу, ханзаада Гарри менен анын аялы Мэганга "океандын ары жагында бактылуу жашоо" каалаган.

Жыйынтыгында Карл III Елизавета II тажыясы келерки аптада болорун, өзүнүн, падышалык үй-бүлөнүн жана британ элинин атынан апасына "рахмат" деген сөздү айта аларын кошумчалаган.

8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында дүйнө салган.

96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл, жети ай отурган ханыша Викторияга таандык.

Дагы караңыз

"Кыргызсериал" мамлекеттик мекемеси түзүлдүМоскванын муниципалдык депутаттары Путиндин отставкасын талап кылдыАКШ элчилиги виза алуу убактысын кыскарта турганын билдирдиКомуз күнүндө "Жаш талант - 2022" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыДепутаттар таштанды талаага бөлүнгөн каражат боюнча прокуратуранын маалыматын угат