Депутаттар таштанды талаага бөлүнгөн каражат боюнча прокуратуранын маалыматын угат

Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигону.

“Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигонунда 9-сентябрда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев таштанды маселесин чечүүгө багытталган иш-пландар аягына чыгарылбай жатканын белгиледи.

“Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 млн. евро бөлгөн. Бирок эч кандай жумуш жасалган эмес. Андыктан, маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды так белгилеп, күнөөлүүлөрдү да элге ачык айтуу керек”,– деди депутат.

22 млн. евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарыл экенин кошумчалады.

Муну менен катар депутаттар кийинки жыйынга Башкы прокуратуранын өкүлү аталган маселе боюнча кеңири маалымат бериши керектигин белгилешти.

Мындан тышкары жыйында калаадагы таштанды көйгөйү да көтөрүлүп, депутаттык топтун мүчөлөрү калаа башчысын тазалыкка көңүл бурууга чакырды.

Таштанды жайга бөлүнгөн кеаражат боюнча буга чейин “Азаттыктын” иликтөөсү жарыяланган. Анда Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калганы белгилүү болду. Бирок ушул күнгө чейин акыр-чикир талаасы толук тазаланбай турат. (КЕ)

Дагы караңыз

14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча дагы бир адам кармалдыОш-Анжиян маршруттук каттамы жандандыПутин менен Эрдоган Украинанын дан экспортун талкуулайт26 жыл мурда Манчестерде болгон жардырууга шектүү кармалды