10-сентябрдын аба ырайы

Kyrgyzstan - Chui region - Suusamyr - jailoo - mountains - nature - summer

10-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска жетет.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° болот.

Дагы караңыз

Next TVнын директорунун иши боюнча сот башка күнгө которулдуМолдованын улуттук авиакомпаниясы Москвага каттамдарын кайра жандантатТүндүк Корея өзүн өзөктүк курал колдонгон мамлекет деп жарыяладыДепутаттар элчи менен министрди кызматтан алуу боюнча президентке кайрылды