"Air Moldova" авиакомпаниясы Москвага каттамдарын 1-октябрдан тарта кайра жанданта турганын жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыктын” молдова кызматы билдирди. Аталган компания аба каттамдарын Орусия быйыл 24-февралда Украинага согуш ачкандан кийин токтоткон.
“Air Moldova” бул чечимин “Молдованын Орусияда жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарынын кайрылууларына” байланыштуу кабыл алганы менен түшүндүрдү. Ошондой эле Орусия менен түз аба каттамдары токтотулгандан бери жүргүнчүлөр билеттерди кымбат сатып алып, кан жолдор менен жүрүүдө көп убактысын коротуп жатканын кошумчалады.
Орусия Украинага кол салгандан кийин Европа мамлекеттери Орусиянын авиакомпанияларына аба мейкиндигин жаап, Евробиримдик менен АКШ баштаган мамлекеттер бир катар санкцияларды салган.
Дагы караңыз
Түндүк Корея өзүн өзөктүк курал колдонгон мамлекет деп жарыяладыДепутаттар элчи менен министрди кызматтан алуу боюнча президентке кайрылды Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалдыТүркия Түркмөнстан жарандарын депортация кылдыКыргызстан Казанга жана Санкт-Петербург шаарына консулдук ачатКарл III Британиянын падышасы болуп расмий 10-сентябрда жарыяланатАзербайжан Армениянын дагы беш аскер туткунун кайтарып берди