Украинанын “Энергоатом” компаниясынын жетекчиси Петр Котин “Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) басып алган Орусиянын аскерлери АЭСтин кызматкерлерин өлтүрүп, 200дөй кишини уурдап кеткен” деп айыптады.
Ал германиялык Funke Media Group басылмасына берген маегинде уурдалган адамдардын айрымдарынын кайда экенин билбей турганын айтты.
Петр Котиндин сөзүнө караганда, орус аскерлери Запорожье АЭСинин кызматкерлеринин Орусияга мамилеси кандай экенин сынап, АЭСти иштетүү үчүн калган 1000дей кызматкер ар кандай кыянатчылыктарга туш болууда. Орусия Украинага басып киргенге чейин станцияда 11 миңдей адам иштеген.
Орусия “Энергоатом” ишканасынын акыркы айыптоолоруна жооп бере элек.
6-сентябрда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запорожье АЭСине болгон сапарынын жыйынтыгын жарыялап, станциянын айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга чакырган.
Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.
Дагы караңыз
Бекназаров кызматынан Кумтөр боюнча маегине байланыштуу алынганын айттыИранда өлүм жазасына каршы нааразылык акция өттүЗеленский Харьковдо жакшы жыйынтык бар экенин билдирдиКыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болдуБишкек: Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдүДепутат Бекешев камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылдыКамчыбеков: Кумтөрдүн башкаруучулары ачык тандалбаса суроо жаралатУКМК: Орусиядан депортация болгон активист кармалдыОрусияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылды