Иранда өлүм жазасына каршы нааразылык акция өттү

Өлүм жазасына тартууга даярдык, Иран. Иллюстрация сүрөт.

Иранда өлүм жазасына кесилген бир нече адамдын жакындары Тегерандын жанындагы Караж шаарынын Ислам революциялык сотунун алдына нааразылык акциясына чыкты. 6-сентябрда социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо демонстранттардын көбү “Өлүм жазасын токтоткула” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот.

Укук коргоочу уюмдар акцияга катышкандардын жакындары Караж жана Гезелхесар шаарларындагы абактарда камалып жатканын кабарлашты. Ирандын адам укуктары коомунун маалыматы боюнча, өлүм жазасына тартылган кеминде 18 адам Караж, Минаб жана Гохардашт шаарындагы түрмөлөрдө кармалып турат.

Ирандын Адам укуктары уюмунун маалыматы боюнча, быйыл 7-сентябрга карата Иранда кеминде 388 адам өлүм жазасына тартылган. Адам укуктары боюнча иш алып барган уюмдар Иранда өлүм жазасына тартылгандардын 85% ашыгы “жашыруун жана эч кандай расмий маалымат берилбестен” ишке ашырыларын билдирип келишет.

Иранда өлүм жазасына кесилгендер былтыр сот бийлигинин мурдагы башчысы Эбрахим Раиси президент болуп келгенден кийин көбөйгөн.

Дагы караңыз

Зеленский Харьковдо жакшы жыйынтык бар экенин билдирдиКыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болдуБишкек: Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдүДепутат Бекешев камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылдыКамчыбеков: Кумтөрдүн башкаруучулары ачык тандалбаса суроо жаралатУКМК: Орусиядан депортация болгон активист кармалды