Бишкек: Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Үч эм быйыл июль айында төрөлгөн. Аттарын Айданек, Шыгай жана Абай коюшкан.

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө мамлекеттен акчалай жардам көрсөтүлдү. Мэриянын маалыматына караганда, ымыркайлардын ата-энеси менен 8-сентябрда шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров жолугуп, казынадан бөлүнгөн 90 миң сомду тапшырды.

27-июлда Бишкектин тургуну Нурзада Сатымкулова Перинаталдык борбордо үч эм төрөгөн. Ар бири болжол менен эки килограммдык салмакта төрөлгөн бир кыз эки уулдун аттарын Айданек, Шыгай жана Абай коюшкан.

Быйыл биринчи жарым жылдыкта Кыргызстанда үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөр 15ке жеткен. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 150 миңден ашуун ымыркай төрөлгөн, быйыл алгачкы алты айда бул көрсөткүч 98 миң 536 болгон. (RK)

Дагы караңыз

Орусия сынчы блогерди Кыргызстанга кайтарды Депутат Бекешев камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылдыКамчыбеков: Кумтөрдүн башкаруучулары ачык тандалбаса суроо жаралатАлишердин өлүмү: кылмышты иликтөө кайра токтотулду