Кыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады.
Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт.
Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.
Быйылкы жылдын 1-июлундагы эсепте Кыргызстандын калкы 6 миллион 804 миң адам экени маалымдалган эле.
Январь-июнь айлары кыргызстандыктар 56,5 миң адамга көбөйүп, көрсөткүч 0,8% өстү. (RK)
Дагы караңыз
УКМК: Орусиядан депортация болгон активист кармалдыОрусияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыгына кабылдыКумтөрдүн келечеги кандай? "Дордой": таңгакчынын көрүнбөгөн түйшүгү