Алишердин өлүмү: кылмышты иликтөө кайра токтотулду

Алишер Саипов "Фергана" агенттигинин директору Даниил Кислов менен. "Фергананын" Оштогу кеңсесинин ачылышында тартылган сүрөт. 2006-жыл, сентябрь.

Он беш жыл мурун киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө кайра токтотулду.

Акыйкатчынын кеңсеси мунун себебин териштире турган болду. Маркумдун жакындары Саиповдун өлүмүнүн бетин ачууга кызыкдар эмес күчтөр бар деп күмөн санап жатышат. Медиа коомчулук бул жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигине кедергисин тийгизиши мүмкүн деп кабатыр.

Алишердин апасы Зайнапхан Саипова августтун этегинде “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесине келип, уулун эскерип маек куруп:

Зайнапхан Саипова

“Быйыл октябрда баламдын өлтүрүлгөнүнө 15 жыл толот. Уулумдун ошондогу элеси дагы эле көз алдымда турат. Апа катары, бийликтен суранамын. Баламды өлтүргөндөр же ошого буйрук бергендер табылып, жазасын алсын. Апалар уулун жоготуп, мага окшоп зар-какшап калбасын. Кылмышкерлердин табылышына үмүт кыламын”,-деген эле.

Бирок Зайнапхан апанын үмүтү азырынча акталган жок. Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2019-жылы жанданган кылмыш иши кайра токтотулганын Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов “Азаттыкка” 6-сентябрда билдирди. Ал кылмыш иши “айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу” токтотулганын тактады.

Алишердин көзү тирүү болгондо 4-сентябрда 41 жашка чыкмак. Аны 2007-жылы 24-октябрда кечке жуук Ошто көчөдө баратканда белгисиз адамдар атып кетишкен. Алишер анда 26 жашта эле.

Буга чейин "Алишер Саиповдун өлүмүнүн артында Өзбекстандын жашыруун кызматы турат" деген ишенимин журналисттин кесиптештери, бир топ серепчилер айтып чыгышкан. Мындай версияны маркумдун туугандары дагы чындыкка жакын экенин белгилеп келишет.

Журналистти аткан эки адамдын сүрөтүн жергиликтүү адамдар чөнтөк телефонго тартып алууга үлгүрүп, аларды күбөлөр да тастыкташкан. Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүүлөр Кыргызстандын жараны эмес экени да айтылган.

Ошол кездеги бийлик Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. 2009-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналистке атылган тапанчанын ээсинин аты-жөнү такталганын, ал террордук топтун мүчөсү экенин билдирген. Саиповдун туугандары кылмышкер деп айыпталган адам күнөөлүү эместигин, ал доомат менен кармалганын, ал эми чыныгы кылмышкерлер изин жашырып жүргөнүн айтып чыгышкан.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Алишердин өлүмү үчүн айыпталып, 20 жылга соттолгон жаран күнөөсүз экени далилденген. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы ишти тергөө кайрадан жанданган болчу.

Алишер өлтүрүлгөн учурда жанында болгон кесиптеши Икбол Мирсаидов органдардын тийиштүү суроолоруна кезинде жооп бергенин айткан. "Бул темада сүйлөө мага оор" деген Мирсаидов андан бери журналисттерге жана анын жакындарына комментарий берүүдөн баш тартып келүүдө.

Алишер журналисттик ишмердигинде колдонгон жабдуулар.

“Иш жүрбөй жатат деп айта албайм. Бирок анын ушунча созулуп кеткенинен улам “бийлик кылмышкерди табууга кызыкдар эмеспи” деген ой келет. Агамдын өлүмүндө албетте, саясат бар. Ачуу чындыкты жазган макалаларынан улам анын көзүн тазалашкан...”,-дейт Алишердин бир тууганы Юсуф Саипов.

Ошентип Алишердин өлүмүнө байланыштуу ишти иликтөө эки жолу жанданып, эки жолу токтотулуп отурат. Ал арада омбудсмен Атыр Абдрахматова акыйкатчынын кеңсеси иш эмне себептен кайра токтотулганы боюнча жагдайды карап чыга турганын билдирди.

Гүлзат Газиева

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлзат Газиева Алишердин өлүмүнө Өзбекстандын ошол кездеги бийлигинин тиешеси бар экени тууралуу версиядан улам, төмөнкүчө пикирин ортого салды:

“Ошол каргашалуу окуядан бери Кыргызстанда бир канча жолу бийлик алмашты, Өзбекстанда да бийлик алмашты. Менимче, буга чейин саясий жагдайданбы, атайын ачыкка чыгарылбай келген фактыларды эми ачык айтып чыгууга убакыт жетти”.

Журналист Жалил Сапаров ошол кездеги саясий жагдайдан улам Алишердин өлүмүнүн бети ачылбай калышы мүмкүн деген божомолдор башында эле айтылганын белгиледи. Ал бул окуянын аягына чейин иликтенбей калып кетиши журналисттерде чоочулоону күчөтүп, басма сөз эркиндигине, жарандардын эркиндигине терс таасирин бериши мүмкүн деп кооптонууда.

Жалил Сапаров

“Журналисттерге каршы ар кандай кылмыштардын бетин ачып, күнөөлүүлөр жазага тартылышы зарылдыгын бийликтен талап кылып турушубуз керек. Эгер журналисттин өлүмүнүн сыры ачылбаса, анда карапайым калк эмне кылат?”.

Алишер Саипов 2005-жылы Кыргызстандагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин чагылдырып жүргөн. "Америка добушунда", "Азаттык" радиосунун өзбек кызматында, "Фергана.ру" маалымат агенттигинде, "Демос-таймс" жана өзү негиздеген "Сиёсат" гезитинде иштеген.

Макаланын соңунда кайрадан Алишердин апасы Зайнапхан Саиповага сөз берели:

“Мага окшоп журналист баласы ар кандай жагдайда набыт болгон энелерге сабыр тилеймин. Апанын жүрөгүндө өчпөс так кала берет. Бирок бул дүйнөдө жакшы иштерди жасап кеткени үчүн да сабыр кылууга тийишпиз. Артында калган балдары же жакшы эмгектери менен өзүбүздү сооротобуз. Кайсы бир мектепке же көчөгө баламдын ысымы ыйгарылса, уулумдун аты өчпөй, башкалар билип жүрөт беле... Ушуга үмүт кыламын”.

Алишер Саиповдун апасы, кызы жана иниси менен маекти угуңуз:


Саиповдун ысымы Вашингтондогу Newseum маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. 2018-жылы ага эл аралык Сахаров сыйлыгы ыйгарылган. Туугандары Алишер өзү туулуп өскөн Ош шаарындагы үйүнүн бир бөлмөсүнө анын кийимдерин, колдонгон буюмдарын чогултуп, музей кылып коюшкан.

Алишер киши колдуу болгондо кызы ымыркай эле. Ал азыр 15ке чыкты.

"Азаттыктын" архиви: Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү. 2017-жылы тартылган тасма.