Путин Украинанын дан экспортунун маршрутун өзгөртүүнү кыйытты

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) келишими менен ишке ашып жаткан Украинанын дан экспортуна байланыштуу сын айтты. Ал эгин келишимде жазылгандай жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын билдирип, азыркы азык-түлүк кризиси “гуманитардык катастрофага” айланып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Владимир Путин 7-сентябрда Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө Москва Украинадан эгин ташуунун “маршрутун өзгөртүү жөнүндө ойлонушу керек” деген пикирин айтты. Ал Украинанын данын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүү үчүн Орусия болгон аракетин жасаганын билдирди.

“Украинадан экспорттолгон эгиндин дээрлик бардыгы жакыр жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эмес, Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге кетип жатат”, - деди Путин.

Бирок ага эч кандай далил келтирген жок. Анын сөзүнө караганда, бул дүйнөдөгү азык-түлүк көйгөйүн оорлотуп, гуманитардык катастрофага алып келет.

Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Бул келишимге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылган. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.

Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берген. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын баасын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалаган.

Дагы караңыз

Педофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)Улуу Британияда жаңы министрлер кабинети түзүлдүУкраина контрчабуулда жылыш бар экенин билдирдиТаласта чек ара тилкесинде маселе жаралышы мүмкүн экени белгилендиДепутаттар Кумтөр боюнча отчет талап кылыштыАкыйкатчы журналист Саиповдун ишин тергөө эмнеге токтогонун териштирет