Таласта чек ара тилкесинде маселе жаралышы мүмкүн экени белгиленди

Талас.

Таласта кыргыз-казак чек ара тилкесинде маселе жаралышы ыктымал болуп жатканын бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Марат Мураталиев билдирди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тез арада тапшырма берүү керек экенин эскертти:

“Плотинадан чыккан Талас дарыясынын нугу менен казактардын азыр жээк бекемдөө дамбасы кетип баратат. Ошол жерде дарыя үч жерде кооптуу болуп кайрылып кеткен экен – 100 гектардай жер кетип калуу коркунучунда турат. Биздин облус жетекчилери эптеп жабышыптыр нугун. Ушуну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алып, казактар кылып жаткандай бекемдеп койбосок эртең чек ара маселеси чыгат”.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара толук такталып бүткөн. Чек ара аймагында кыргыз тараптан Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустары жайгашкан.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү келишимде ортодогу сызыктын узундугу 1257 чакырым экени жазылган. Бул келишимге 2017-жылы кол коюлган.

Дарыянын агымына байланыштуу Кыргызстандын жери казак тарапка өтүп кетиши ыктымалдыгы тууралуу маселе 2020-жылы Чүйдө да көтөрүлгөн. (RK)

Дагы караңыз

Темировдун сотундагы жаңы жагдайлар"Колу байланып, муунтулган". Кадамжайдагы үрөй учурган кылмышДепутаттар Кумтөр боюнча отчет талап кылыштыПедофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)