Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөндөн берки абал боюнча маселе бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинети парламентте буга байланыштуу отчет бериши керектигин белгилеп, ага ишкананын мурдагы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү да чакыруу зарылдыгын айтты.
Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров июлда Кумтөр боюнча отчет берерин убада кылганын эскертти:
“Эмне болгонун, кандай болгонун, канча пайда көрдүк, канча зыян тарттык, баарын билишибиз керек. Бирок бир нерсе айткым келип жатат – ал жерде иш бир эле Бөлтүрүктө эмес. Ал болгону бир кичинекей аткаруучу. “Кыргызалтындын” ошол келишимге кол койгон жетекчисин да, бардык катышкан кишилерди чакырыш керек. Себеби биз депутат катары толук маалымат албасак, элге барып айта албайбыз жакшыбы же жакшы эмеспи деп. Баа бериш эртерээк”.
Кумтөр маселесин бүгүнкү отурумда депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев да көтөрүштү.
Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.
Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.
Аталган үч мекеме ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан Жапаров түшкөн пайдадан эмгек акы, жөлөк пул көбөйтүлүп жатканын белгилеген.
Ошону менен катар президент "19 тонна, 21 тонна алтынды жашырып коюшуптур" деген сөздөр айтылып жатканын кошумчалап, “Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда баары жашыруун болот” деп айткан.
2021-жылы май айында канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү өз карамагына алган.
2022-жылы апрель айында Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (RK)
Дагы караңыз
Педофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)Акыйкатчы журналист Саиповдун ишин тергөө эмнеге токтогонун териштиретОппозиция Кумтөр боюнча билдирүү жасадыБардык мечиттерде зомбулукка каршы баяндар окулат