Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулукту алдын алуу маселесине арналган баяндар окуларын 6-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматта буга Баткендеги 14 жаштагы кыздын өлүмү себеп болгону белгиленди:
“Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы”.
Муфтият маркум кыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Баткендин Кадамжай районунда киши колдуу болгон окуучу Айдай Кочкорованын өлүмүнө байланыштуу иш козголуп, шектүү катары ошол эле айыл аймагынын үч тургуну кармалды. Ата-энеси Орусияда мигрант болгондуктан кыз жаштайынан таенесинин колунда чоңойгон.
Дагы караңыз
Темировдун сотундагы жаңы жагдайларТазалык күнү жылына эки жолу өткөрүлүп турмай болдуАкыйкатчы журналист Саиповдун ишин тергөө эмнеге токтогонун териштирет"Колу байланып, муунтулган". Кадамжайдагы үрөй учурган кылмыш