Акыйкатчынын кеңсеси журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш эмне себептен кайра токтотулганы боюнча жагдайды карап чыгат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 6-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.
Кыргызстандык журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө кетип баратканда атып кетишкен, анда ал 26 жашта болчу. 2010-жылы бул үчүн 20 жылга соттолгон адам күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган.
2019-жылы ишти тергөө кайрадан уланган. Анын токтотулушун 6-сентябрда "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов "айыпталуучу катары жоопко тартыла тургандарды аныктоо мүмкүн болбогонуна байланыштуу" деп түшүндүрдү.
Алишер Саипов 2005-жылдагы революцияны, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясынын кесепеттерин чагылдырып жүргөн. «Америка добушунда», «Азаттык» радиосунун өзбек кызматында, «Фергана.ру» маалымат агенттигинде, «Демос-таймс» жана өзү негиздеген «Сиёсат» гезитинде иштеген.
Саиповдун ысымы Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган. (SЕ)
Дагы караңыз
"Колу байланып, муунтулган". Кадамжайдагы үрөй учурган кылмышУкук коргоочулар аялдар үчүн "коопсуздук баскычын" ишке киргизүүнү сунуштадыПрезиденттик администрациянын сот, прокуратура менен иш алып барган бөлүм башчысы алмаштыТашиев өлкө боюнча УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулганын билдирди