Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларындагы негизги маселелердин бири болуп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 5-сентябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Төрөбаевдин айтымында, элдин суроолору чек ара аймактарынын көйгөйлөрү, жер тилкелеринин жетишсиздиги, суу менен камсыздоо, жол жана турак жай инфраструктурасын жакшыртуу, муктаждар үчүн социалдык жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгү боюнча болууда.
Президенттин тапшырмасы менен өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин эл менен жолугушуулары июль айынан бери өткөрүлүп келе жатат.
Бүгүн 6-сентябрда жолугушуулар Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында өтөт. Андан соң Ош облусунун райондук борборлорунда уюштурулат. (RK)
Дагы караңыз
Кыргызстан 5G технологиясын сынап көрө баштадыХерсон облусунда Орусияга кошулуу боюнча “референдум” жылдыМосквада жол кырсыгына кабылгандардын экөө тең кыргызстандык болуп чыктыСултанбаев: президенттин күзөт кызматына машинаны чет элдик өнөктөштөр берген