Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Жакында Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырган. Анын бийиктиги 8163 метр.
Сапар 7-сентябрда башталат, курамда жети альпинист бар:
Сергей Селивёрстов, команданын капитаны,
Кадыракун Нурмаматов, “Манаслу 2022” долбоорунун жетекчиси,
Эдуард Кубатов,
Андрей Ерохин,
Асел Байбагышева,
Илим Карыпбеков,
Азизбек Оморкулов.
Кубатовдун айтымында, буга чейин кыргызстандык альпинисттер Гималайга экспедиция жасаган эмес.
Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет.
2021-жылдын май айында Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Эверестке чыгууга даярдык 2014-жылы башталганын айткан.
"Ачык Time" подкастын угуңуз
Композиторду өксүткөн жагдайларКөйгөйүн простатитке шылтаган эркектер«Эркектер көп учурда тукумсуз экенин сезбейт»Моңолов: Жыныстык жактан алсыз эркек орой болот“Трансгендер уулум жөнүндө китеп жаздым”Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы