Казакстанда үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү коомдук иштерге тартуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда экинчи жолу үй-бүлөлүк зомбулукка баргандардын камак мөөнөтү 20-25 күнгө узартылат. Андан сырткары үй-бүлөдө зулумдук кылгандарга эскертүү берүүнүн ордуна көчө шыпырууга, жолдорду оңдоого, аймактарды көрктөндүрүү иштерине тартылат. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн 3-сентябрдагы жыйынында ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди. Министр бул өзгөртүүлөрдү "үй-бүлөлүк зомбулук кылмышы үчүн жазаны күчөтүү" деп атады.

"Бул административдик укук бузуу үчүн кеминде беш суткага, ал эми экинчи жолу кайталанса, 20-25 суткага эркинен ажыратууну пландаштырып жатабыз. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыз берүү формасынан аныктоо формасына өтөбүз", - деди министр өкмөт жыйынында.

Ахметжанов үй-бүлөдө зордук-зомбулук жасагандарды коомдук иштерге тартуу "тартип бузгандарды өз жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө негиз болот" деп эсептейт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрдагы элге кайрылуусунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга карата жазаны күчөтүүнү тапшырган. Кайрылууда Токаев үй-бүлөдөгү зомбулукту аныктоо кыйын болгондуктан, бийлик бул аракетти кылмыш деп таануудан күмөн санап жатканын билдирген.

БУУнун маалыматына караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн ур-токмогунан көз жумат. Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму бул өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси чоң көйгөй бойдон келатканын, полиция буга байланыштуу арыздарды дайыма эле каттай бербей турганын бир нече жолу билдирген.

Дагы караңыз

"Газпром" "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү белгисиз мөөнөткө токтоттуМосква СССРдин акыркы президенти Горбачев менен коштошуудаСанариптештирүү процесси президенттин көзөмөлүндө экени айтылдыАвгуст айында Орусиядан 31 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди