Санариптештирүү процесси президенттин көзөмөлүндө экени айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү процесси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын жазганына караганда, мамлекет башчынын эскертүүсүнөн кийин бардык министрликтер жана мамлекеттик органдар Санариптик өнүктүрүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды берген.


Буга чейин президент Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин чыгарган.

Министрлер кабинети 18-апрелде мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул чара учурдагы кагаз керектөөнү 50% кыскартып, өлкө казынасы жылына 112 миллион сомго жакын каражат үнөмдөй турганы айтылган.

Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү ишин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Эркиндик үчүн күрөшкөндөргө Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлык тапшырылдыТИМ: Кытайга баруу үчүн "Жашыл ден соолук QR кодун" алыш керекТажик бийлиги Дүйшөмбүдөгү диний китептер сатылган дүкөндөрдү жаптыКазакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүү сунушу берилди