Август айында Орусиядан 31 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл август айында Орусиянын аймагында ар кандай шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле өткөн айда дипломатиялык мекеменин көмөгү менен кыргызстандык мигранттардын 2 миллион 947 миң 725 рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы төлөтүлүп берилди. Ошондой эле 29 кыргызстандык камактан бошотулду. Алардын көпчүлүгү Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалгандар.

Элчилик жарандарга 8 миңден ашуун консулдук кызмат көрсөтүлүп, 12 миңге жакын консулдук иш-аракеттер жүргүзүлгөнүн маалымдады.


Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.(КЕ)

Дагы караңыз

ТИМ: Кытайга баруу үчүн "Жашыл ден соолук QR кодун" алыш керекТажик бийлиги Дүйшөмбүдөгү диний китептер сатылган дүкөндөрдү жаптыКазакстандын борборун кайра Астана деп өзгөртүү сунушу берилдиБазар-Коргондо өз жанын кыйган келиндин күйөөсүнө кат калтырып кеткени аныкталдыРоза Отунбаева БУУнун Ооганстандагы миссиясын жетектейт