Ырыс Жекшеналиевдин иши: шаардык сотто бөгөт чарасын өзгөртүү каралат

Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-сентябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карайт.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров анын алдында аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Дагы караңыз

Таласта 90 миллион сомго УКМКнын аймактык бөлүмүнүн имараты курулат Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты Ноокенде мурдагы аялын бычактап өлтүргөн деген жаран кармалды БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек