Талас шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнүн имараты курулат. Буга байланыштуу мамлекеттик сатып алуулар порталына 90 миллион сомдук тендер жарыяланды. Анда имарат беш кабат болуп, бардык коммуникациялар курулушу керектиги белгиленген.
УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" буга байланыштуу маалымат кийинчерек берилерин билдирди.
Соңку бир жылдын ичинде Бишкек шаарында жана бир катар аймактарда УКМКнын бөлүмдөрүнүн имараттары, кызматкерлерге үйлөр курулду. Атайын кызмат кайсы каражатка, кандай жагдайда курулуп жатканы, демөөрчүлөрү тууралуу маалымат бербей келет.
Дагы караңыз
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты Ноокенде мурдагы аялын бычактап өлтүргөн деген жаран кармалды БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек