Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан алынды

Нурбек Деңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп 2014-жылдан бери иштеп жаткан.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишти кызматтан бошотту. Бул маалыматты аталган банктын басма сөз кызматы "Азаттыкка" бышыктады.

Ошондой эле анын ордуна башка адам дайындалганы менен азырынча ал тууралуу маалымат берилип, жамаатка тааныштырыла электиги белгилүү болду.

Нурбек Жеңиштин жумуштан алынган себеби тууралуу азырынча түшүндүрмө бериле элек. Ал бул кызматка 2014-жылы августта дайындалган.

Нурбек Жеңиш соңку учурда Улуттук банктын иши, ага карата айтылган доооматтар тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат, коомчулукка түшүндүрмө берип келген.

Дагы караңыз

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаков үй камагына чыкты Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты Ноокенде мурдагы аялын бычактап өлтүргөн деген жаран кармалды Жапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек