Ноокенде мурдагы аялын бычактап өлтүргөн деген жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кандуу окуя Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринин короосунда 26-августтан 27не караган түнү болгон. Анда 24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылганы, кылмышка шек саналып 1989-жылкы мурдагы күйөсү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, кыз-келиндерге, аялдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары орун алууда.

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасы: үч өткөрмө бекет кыска мөөнөткө иштебейт Жапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү Соңку сегиз айда 100 миллиардга жакын сом салык чогулду Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек МАГАТЭ: эксперттер Запорожье АЭСинде 3-сентябрга чейин болот