Польша Германиядан 1,3 трлн. доллар кенемте талап кылууда

Варшава Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин. 1946-жыл.

Польшанын бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жоготуулар үчүн Германиядан 1,3 триллион доллар компенсация талап кылаарын билдирди.

Польшанын президенти Анджей Дуданын мурдагы партиясы “Мыйзам жана адилеттик” саясий уюму 2015-жылы бийликке келгенден бери бул маселеде Германиянын моралдык жоопкерчилиги бар экенин билдирип, согуштагы чыгымдын ордун толтуруу маселесин көтөрүп келет.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында 6 миллионго жакын поляк, анын ичинде 3 миллион поляк жөөттөрү өлтүрүлгөн. 1944-жылы Варшава көтөрүлүшүндө 200 миңдей жайкын тургундун өмүрүн алган каргаша болгон.

Польша кенемте төлөтүү маселесин бир нече жолу көтөргөн. Бирок расмий Берлин Польшанын 1953-жылы Чыгыш Германияга каршы репарация талабынан баш тартуу чечимине таянып аны четке кагып келет. Германиянын өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги Варшаванын акыркы билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган. Согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.

Дагы караңыз

МАГАТЭнин эксперттер тобу Запорожье АЭСине бардыВладимир Путин Горбачёвду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпайтБи-Би-Си: Орусия согушта 900дөн ашык элиталык аскер адистерин жоготтуБаткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларынын иши сотко өттүЖогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү Эгемендик күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камалды