2-сентябрда күн ачык болот

Кыргызстан.

2-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 32…34° жылуу болот.

Дагы караңыз

G7 уюму орус мунайынын баасына чек коюу маселесин талкуулайтЭгемендик күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камалды Михаил Горбачёв менен коштошуу зыйнаты 3-сентябрда болотЖК: Орусиядагы кыргыз мигранттарын каттоо маселеси сөз болду (видео)