Кыргыз-казак чек арасында ири бодо мал аткезчилиги катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынан ондогон бодо малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган факт катталганын билдирди. Ага ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында болгон. Алдын ала эсепке ылайык, кармалган малдын баасы 4,5 милилон сом деп эсептелген.

Буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган.

Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 13-августта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп, жети жылкыны айдап бараткан Кыргызстандын жараны кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй аталган облустагы Акы районунда Өзбекстанга жети бодо мал айдап бараткан дагы бир кыргызстандык колго түшкөн.
Талас облусунда 14-августа кыргыз-казак чек арасынан 17 баш бодо мал жүктөлгөн машина кармалган.

Чек арадагы контрабанданын айынан ок атылган, адам өлүмү менен аяктаган учурлар орун алган.

Дагы караңыз

Президент ЖК регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды Жогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Эл баатыры наамын ыйгарды Шамшиев, Жумагулов, Шеримкулов жана Дүйшеев Эл баатыры болду Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келерки жолугушуу Кыргызстанда өтөт ЖК: Орусиядагы кыргыз мигранттарын каттоо маселеси сөз болду (видео)Бекешов: мэрия паркты беш жылдан ашык мөөнөткө ижарага бере албайт