Министрлер кабинети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары Өзбекстанда жолукканын билдирди. Ага ылайык, тараптар тактала элек тилкелердин чийинин сызуу долбоорун карап, тактады. Келерки жолугушуу Кыргызстанда өтөт жана анын датасы азырынча айтыла элек.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Андан бери эки тарап чек араны тактоо боюнча маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп келүүдө.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы айларда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин билдирген эле.
Дагы караңыз
ЖК: Орусиядагы кыргыз мигранттарын каттоо маселеси сөз болду (видео)Садыр Жапаров: ар бир баланын билим алышына шарт түзүү зарыл Шамшиев, Жумагулов, Шеримкулов жана Дүйшеев Эл баатыры болду Жогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү Акылбек Жапаров: парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турат Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Эл баатыры наамын ыйгарды