Акылбек Жапаров: парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турат

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады. Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарды куттуктап жатып, парламенттин кароосунда учурда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.

"Парламенттин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, аны 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар",-деди Жапаров.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон.

Дагы караңыз

Шамшиев, Жумагулов, Шеримкулов жана Дүйшеев Эл баатыры болду Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Эл баатыры наамын ыйгарды Садыр Жапаров: ар бир баланын билим алышына шарт түзүү зарыл Бекешов: мэрия паркты беш жылдан ашык мөөнөткө ижарага бере албайт Акыйкатчы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданды