Тайвандын аскерлери шейшембиде аралдын айланасында кароо операциясын аткарып жүргөн Кытайдын учкучсуз учуучу учагына эскертүү иретинде ок чыгарды. Бул тууралуу Тайвандын президенти Цай Инвэнь жар салып, Кытай тараптан жасалып жаткан чагымдар чечкиндүү жооп берүү тапшырмасын өзү бергенин айтты.
Тайван Куралдуу күчтөрүнүн маалымдашынча, эскерүүдөн кийин дрон Кытайга кайтып кетти.
Кытайдын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек. Дүйшөмбүдө Кытайдын тышкы иштер министрлиги Тайвандын дрондор боюнча дооматын төгүндөп, муну “обу жок ызы-чуу” деп атаган.
Бул Кытай менен Тайвандын ортосундагы мамиле чыңалгандан берки эскертүү иретинде атылган биринчи ок атуу. Арал мамлекет буга чейин Кытайдын учкучсуз учактары аларга улам келип, майда аралчалардын үстүндө кароо жүргүзүп жатканына даттанып турчу.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси аралга келип кеткен августтун башында Кытай ушул чөлкөмдө аскердик машыгуу өткөргөн. Андан кийин Тайван өзү да машыгуу уюштуруп, куралдуу күчтөрүнүн дараметин сынады. 29-августта АКШнын аскердик эки кемеси Тайван кысыгы аркылуу өттү.
1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп санайт.
Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет. (ErN)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров катышкан ардагерлердин футболдук беттеши башталдыМектеп директорлугуна талапкерлердин 65% cынактан куладыХерсондо орус армиясы курчоодо калабы?Мектеп директорлугуна сынактын биринчи айлампасы өттү