Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" ("Digital nomad") макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекитти.
Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришинче, мындай макам алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.
⠀
Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан.
Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.
Президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген.
Дагы караңыз
Ленин чокусунда эки альпинист каза болдуЛитва Беларус менен чек арасына бийик дубал куруп бүттү Иракта имам ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратына кайра чабуул койдуТүркия Босфор кысыгынан өтүү акысын беш эсе кымбаттаттыОрусияда Сталинди Гитлер менен салыштырган оппозициялык саясатчы кармалды