Түркия Босфор кысыгынан өтүү акысын беш эсе кымбаттатты

Түркиянын картасы. Босфор кысыгы кызыл чекит менен белгиленген.

Түркия Монтрё Конвенциясы берген укугуна ылайык Босфор жана Дарданелла кысыктары аркылуу өтүү акысын беш эсеге кымбаттатты. Бул тууралуу Sabah гезити өкмөттөгү өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.

Басылма билдиргендей, түрк бийлиги кысык аркылуу өтүүдөгү 1983-жылы киргизилген төлөм системасын жойду. Эсеп француз франкынын бирдиги менен жүргүзүлөт жана 1 франк 0,8 доллар деп саналчу. 7-октябрдан тартып 1 франк 4 доллардан деп эсептеле турган болду. Франциянын валютасы азыр иштетилбейт, ошол себептүү Анкара мындан ары акыны түрк лирасы менен кабыл алат.

Учурда Түркия кысыктар аркылуу кемелерди өткөрүүдөн жылына 40 миллион доллар табат. Гезиттин эсебинде, акы кымбаттагандан кийин Түркиянын кирешеси 200 миллион долларды чапчыйт.

Монтрё Конвенциясы 1936-жылы Түркия Босфор жана Дарданелла кысыктарынын аймагында өзүнүн суверенитетин калыбына келтиргенден кийин кабыл алынган документ. Конвенциянын 19-беренесине ылайык, Түркия согушуп жаткан өлкөлөрдүн кемелерине кысыкты жаап коё алат.

Азыр бул эреже Орусия менен Украинанын кемелерине колдонулуп жатат. Бирок Bloomberg басылмасы кабарлагандай, Москва Босфор аркылуу жакын арада курал алып өтүшү мүмкүн. Анын ичинде Сириянын Тартус портунан Новороссийскиге аскердик техника ташылып келиши ыктымалдыгы кабарланган.

Стамбул шаарын кесип өткөн Босфор кысыгы Кара деңизди Мрамор деңизи менен туташтырат. Ал эми Дарданелла Мрамор менен Эгей деңизин, Жер ортолук деңизине алып чыгат. Дарданелла Түркиянын Чанаккале шаарын кесип өткөндүктөн ушул калаанын аты менен да аталып жүрөт. (ErN)

Дагы караңыз

Орусияда Сталинди Гитлер менен салыштырган оппозициялык саясатчы кармалдыАКШ Айга ракета учуруу мөөнөтүн артка жылдырдыУкраин күчтөрү Херсонду кайтаруу үчүн контрчабуул башталганын жар салдыЧек ара: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси көтөрүлдү