Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусундагы Орусиянын оккупациялык армиясынын Крым жарым аралы менен аскердик байланышын үздү. Бул тууралуу украин аскерлеринин “Каховка” ыкчам тобу кабарлады.
“Чоң жана сүрдүү HIMARS дээрлик бардык чоң көпүрөлөрдү (Антонов темир жолу, Антонов автожолу жана Новокахов автожолу) талкалады. Болгону жөө өтмөктөр гана калды. Орус армиясы Крымдан келчү курал-жарак жана өздүк курамдан үзүлгөн абалда калды. Бул Украина үчүн өзүнүн аймактарын кайтарып алуу үчүн эң мыкты шанс”, – деп кабарлады украин күчтөрү.
Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда да орус тарап басып алган бардык аймактарды сөзсүз кайтарып алышарын билдирди.
"Жашоо мүмкүнчүлүгү кайтарылат. Коопсуз жана бакубат жашоо мүмкүнчүлүгүн кайрып беребиз. Донецкиде, Горловкада, Мариуполдо, Донбасстын башка шаарларында украин желегин кайра орнотконубузда ал так ушуну символдоштуруп калат. Орусиянын оккупациясында турган Харковь, Запорожье, Херсонду, албетте Крымды да кайтарып, туубузду орнотобуз", – деди Зеленский.
Орусиянын Коргоо министрлиги Крым менен аскердик байланыш үзүлгөнү тууралуу маалыматтарды комментарийлей элек.
Июлда жана августта Украинанын күчтөрү Херсондогу Антонов, Дарьевка жана Каховка көпүрөлөрүнө сокку урган. Украин бийлиги бул чабуулдар орус аскерлеринин логистикасын бир топ начарлатканын билдирген.
27-августта “Азаттыктын” украин кызматынын “Схемы” долбоору Planet Labs спутниктери Днепр дарыясынын үстүнөн тарткан сүрөттөрдү жарыялаган. Анда Орусиянын армиясы Антонов көпүрөсүнүн жанында понтондук же, калкыма көпүрө куруп жатканы көрүнүп турат. Алар аны менен Днепр аркылуу аскердик техникаларды алып өтүүнү көздөп жатышат.
Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген. Алты айдан ашкан кармашта алар каалаган жыйынтыкка жете алган жок. Анын ичинде украиндердин катуу каршылыгынан улам Киевди басып алуу оюнан кайтышкан жана Луганск, Донецк, Херсон баштаган башка облустардын бир топ бөлүктөрүн ээлеп алган. Согуш уланып жатат. (ErN)
Дагы караңыз
DW: Орус-украин согушунан эң көп пайданы Эрдоган табууда Садыр Жапаров кирген команда КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлери менен ойнойт Казакстан: кыргыз жарандары учураган авариядан улам кылмыш иши козголду Dell компаниясы Орусиядагы ишин толугу менен токтотту МАГАТЭ Запорожье АЭСине барчу эксперттерди топтоду