Садыр Жапаров кирген команда КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлери менен ойнойт

"Президенттин администрациясы" жана "Жогорку Кеңеш" командаларынын ортосундагы беттеш. Архив

Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, өлкө эгемендигинин 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш 30-августта борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.


КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Жалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

31-августта Кыргызстан эгемендигинин 31 жылдыгын белгилейт. Бул күндү утурлай борбор калаада жана өлкөнүн бардык аймактарында бир катар иш-чаралар өтөрү белгиленген. (КЕ)

Дагы караңыз

Dell компаниясы Орусиядагы ишин толугу менен токтотту МАГАТЭ Запорожье АЭСине барчу эксперттерди топтоду Сот Равшан Жээнбековго өлкөдөн чыгып келүүгө уруксат берген жок Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштадыМАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине жөнөп кеттиБишкектеги №1 тергөө абагында отурган жаран каза болду