Түркияга Кыргызстандан көкбөрү менен көкпардан эки топ барат

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарына катыша турган көкбөрү жана көкпар боюнча Кыргызстандын улуттук курама командалары машыгууга кийген формалары менен.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына улак тартуу мелдешине эки команда барарын билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык улакчылар көкбөрү менен көкпардан (жер улак) өз-өзүнчө таймашат. Учурда спортчулар Чолпон-Ата шаарында машыгып жатат.

Маалыматка ылайык, көкбөрүчүлөр кочкул кызыл, ал эми көкпарчылар көк форма кийишет.

Көкпар улак тартуу оюнунун тайказаны жок түрү жана негизинен Казакстанда ойнолуп келген.

Буга чейин тайказанга байланыштуу бир нече жолу талаш-талкуу чыккан жана кыргызстандык улакчылар тайказансыз оюндарга катышуудан баш тарткан учурлар болгон.

Дүйнөлүк көкпар (көкбөрү) ассоциациясы 2019-жылдын башында Нур-Султан шаарында конгресс өткөрүп, көкбөрү оюндарынын эрежесин бир топ өзгөрткөн. Анда оюнду үч таймдан эки таймга кыскартуу, аттарды такасыз талаага чыгаруу, улактын ордуна жасалма муляжды тартуу жана тайказанды алып таштап, анын ордуна жердеги чийинге ойноо тууралуу эрежелер кирген.

Буга Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы каршылык билдиргенине карабай, жыйындагы көпчүлүк өлкөлөр жаңы эрежелерди колдоого алган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

Изниктеги оюндар 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтөт. Мелдештердин программасы азырынча тактала элек.

Дагы караңыз

Баткен: соңку эки күндө эки миллион сомдук контрабанда кармалды Болот Темировдун сотунда күбө катары суралчу тергөөчү дагы келген жок Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштадыМАГАТЭ Запорожье АЭСине барчу эксперттерди топтоду БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады Бишкек шаарынын казысы катталбаган мечит имамдарына эскертүү берди Казакстан: кыргыз жарандары учураган авариядан улам кылмыш иши козголду