Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар азая баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир аптада Кыргызстанда коронавирус жуккан 179 учур катталды. Алардын 26сы ооруканада, калгандары үйлөрүндө дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумган.

Өткөн айда Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) коронавируска каршы күрөштүн алкагында Кыргызстанга 15 миллион сомдук медициналык жабдуу берген.

Анда коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган эл аралык уюм Кыргызстанга жалпысынан 10 миллион доллардан ашык каражатка жардам көрсөткөнү айтылган.

Дагы караңыз

МАГАТЭ Запорожье АЭСине барчу эксперттерди топтоду БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады Бишкек шаарынын казысы катталбаган мечит имамдарына эскертүү берди Dell компаниясы Орусиядагы ишин толугу менен токтотту Казакстан: кыргыз жарандары учураган авариядан улам кылмыш иши козголду