550 миңдей кыргызстандык бала жакыр үй-бүлөдө тарбияланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Ушу тапта Кыргызстанда 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 26-августта балдардын абалы жана аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселесине байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турганын белгилеген мамлекеттик катчы жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектей турганын, мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык экенин белгиледи.

Касмамбетов азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкканын айтты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү экенин билдирди.

Расмий маалымат боюнча, быйыл биринчи жарым жылдыкта балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш экени аныкталды. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызын тууганчылыгы бар адамдар жасаган.

8-августта Кыргызстанда «Балдар жөнүндө» кодекс иштей баштады. (RK)

Дагы караңыз

Кумтөр: президенттин түшүндүрмөсү, оппозициянын сыны Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын өттү “Компартиянын бийлиги басма сөздү тескеп турган”Кыргызстанда террордук топтор жандана баштадыбы?