Казакстанда кырсыкка учураган автобустагы кыргыз жараны боюнча маалымат берилди

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Казакстандын Ички иштер министрлигине таандык.

Казакстанда Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй келатып жол кырсыгына кабылган автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдүн арасындагы бир кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык экенин 27-августта “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди:

“Баштапкы маалымат боюнча, жалпысынан сегиз адам ооруканага кайрылыптыр, арасында Өзбекстандын, Франциянын жарандары болгон. Кыргызстандан бир кызыбыз да болгон экен. Азыр баары жайында, ал ооруканадан чыкты. Бул баштапкы гана маалымат. Тактоо иштери уланууда”.

Ариповдун айтымында, кырсык бүгүн болжол менен таңкы саат 6:40та Казакстандын Түркстан облусунун Шакпак баба деген айылынын аймагында, Чымкент жана Тараз шаарларынын ортосундагы тилкеде болгон.

Казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары автобус жолдун боюна чыгып кеткенин, ичиндеги 12 адам ооруканага жаткырылганын жазышкан. (RK)

Дагы караңыз

ЕАЭБдин "жемиш" бербеген жети жылы же чечилбеген чектөөлөр28-августтун аба ырайыБУУнун Запорожье АЭСи боюнча отуруму жыйынтыксыз аяктады Орусияда кыргызстандык мигрант жергиликтүү тургундун колунан каза тапты