Орусияга каршы санкцияларга Норвегия да кошулду

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы киргизилип жаткан европалык санкциялардын кезектеги, жетинчи пакетине Норвегия да кошулду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 26-августта билдирди.

Европа биримдигинин санкцияларынын бул жолку пакети Орусиянын алтынын (жада калса алтындан жасалган зер буюмдарды да) сатып алууга тыюу салат. Мындай чектөө чаралары 21-июлда кабыл алынган.

Норвегия Евробиримдикке мүчө эмес, ошондуктан Европарламент бекиткен санцияларды өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары өзүнчө талкуулап, колдогон чечим чыгарышты. (RK)