УКМК: Пара талап кылган жетекчи милиционер камакка алынды

УКМК кылмышка шектүү милиционер камакка алынганын билдирди.

Бишкекте милиция бөлүмүнүн башчысы пара талап кылганы үчүн кармалганын 26-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына караштуу шаардык бөлүмдөрүнүн биринин башчысы жергиликтүү тургундардан түшкөн арыз-даттанууларды кароодо коррупциялык схема уюштурган деп шектелүүдө.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара талап кылуу”) негизинде иш козголгону, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынганы, атайын тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Өкмөткө эл жолдогон арыз-даттануулардын 80% укук тартибин коргоо органдарынын ишине байланыштуу экенин быйыл 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл менен жолугушууда айткан. Кыргызстанда 2021-жылы өлкөнүн акыйкатчысынан жардам сураган кайрылуулардын саны 13 миңден ашуун болгонун 7-июнда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Ал да арыз-даттануулардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарынын ишине байланыштуу экени белгиленген. (RK)

Дагы караңыз

Сергей Гайдай: Луганскиде Орусиянын аскердик базасы жок кылындыКаракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси алмаштыСалык төлөбөгөндөр боюнча рейд башталат"ЕАЭБде легитимдүүлүк маселеси бар"