Өзбек чек арачылары Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасындагы Аму-Дарыянын ортосунда жайгашкан "Арал Пайгамбар" аралына мыйзамсыз өткөн ооган жарандарын кармоо учурунда эки кишиге ок тийип каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ооганстандыктар 21-августта аталган аймакка өтүп, кызыл мыя (солодка) дары чөбүнүн тамырын терүүгө аракет кылышкан. Аларды кармоо учурунда тиреш чыккан. Натыйжада эки ооган жараны мерт болуп, 24ү кармалган. Алардын алтоо жаракат алган. Жабыркагандарга Өзбекстандын чек арачылары медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, бул окуяга байланыштуу 23-августта эки тараптын атайын кызматтары жолугушту. Анын натыйжасында кармалгандарды Ооганстанга кайтаруу макулдашылды.
Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасынынын узундугу 143 чакырымды түзөт жана ал негизинен Аму-Дарыянын нугу менен бөлүнөт. Өзбекстандын Термез шаарынан төмөн 20 чакырымдай алыстыктагы дарыянын нугунда "Арал-Пайгамбар" аттуу арал жана анда ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жаратылыш коругу жайгашкан. (ErN)
Дагы караңыз
Экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу сунушталуудаПольшанын президенти "Түндүк агым - 2" газ куурун алып салууну колдодуАКШ Сириядагы Иран менен байланышкан объектилерге сокку урдуАкылбек Жапаров "Кумтөргө" көзөмөл катуу болорун билдирдиЛавров Ульяновскидеги кырсыкка байланыштуу кат жолдоду