Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Казакстан менен чек арасында кыргызстандыктардын сабалганы тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
Мурдараак орус-казак чек арасында кыргызстандыктар сабалып, машинелери талкаланганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда жабыркаган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилгени айтылган. Жараат алгандардын арасында алты жаштагы кыз бар экени да белгиленген. Тасмада чек арада мигранттарды ташыган таксисттердин ортосунда чыр чыкканы айтылган, бирок анын себеби толук белгисиз.
Маалыматта айтылгандай, кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келишкен.
Кыргызстандын Алматыдагы консулу Назарали Арипов окуя Казакстандын түндүгүндө болгонун белгилеп, башка маалымат айткан жок.
Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан. (КЕ)
Дагы караңыз
Зеленский: Крымды эч ким менен кеңешпей эле кайтарып алабызУкраина согуштун фонунда Эгемендик күнүн белгилеп жататЭкс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу сунушталуудаЛавров Ульяновскидеги кырсыкка байланыштуу кат жолдоду