Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди.
Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна - 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек - 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна - 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.
Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.
Маркумдардын сөөктөрү атайын учак менен 23-август күнү кечке учак менен Ошко алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүп жатат. (КЕ/AAb)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
"Кумтөрдү" текшерүү башталды, Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилдиСевастополдо кайрадан жарылуунун добушу угулдуОрусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келиндиЕвробиримдик жалпы 7,5 миллион украин качкынын кабыл алды